Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Эмилбек Сыдыков ооган согушуна 1987-жылы барган. Ал согуштан 1988-жылы июль айларында мекенине кайтып келген.
Ооган согушунун ардагери Эмилбек Сыдыков 1987-жылы апрель айында айылдан чыгып кеткен. Анан Түркмөнстандагы Кушка шаарчасында алты ай аскер окууларынан өткөн.

“Андан кийин Ооганстандын борбору Кабул шаарына келип кондук, мени үчүнчү зводго бөлдү. Биз ал жерде чатырлардын ичинде жаттык. Биз ал жерде аэродромду кайтардык. 1988-жылы апрель айында Газни аттуу шаарында шлагбаум тостук, тынч жашаган элдерди башка жерлерге көчүрдүк, алардын жүктөрүн кайтардык. Анан 1988-жылы Ташкенге түштүк, ошондон баштап СССРге кызмат кыла баштадым”, — деп айтып берди Сыдыков.

Ал эми Сыдыковдун уулу Улан атасы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

“Атам согушка барып келген ошондуктан баарын түшүнөт, бизди көп урушпайт, кээде гана кокустук кылып койсок эскертет. Мындан сыткары атам үй жумуштарынын баарын жасайт, менин ушундай атам бар экенине сымыктанам», — деп билдирди Улан.
Айылдашы Бактияр Иманбетов Сыдыковдун кошумча жөндөмдөрүнө токтолду.

«Элге көп жардам берет, уюлдук телефондорубузду, эмгек шаймандарын жасатканы алып барабыз. Татыктуу ата болуп балдарын тарбиялап келет», — деди Иманбетов.
Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды