Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29-мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.
«Ак шоола» драма ийриминин жетекчиси Наргиза Шаршебекованын айтымында балдардын өнөрү менен райондук сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келе жатышат.

“Келгенде мен көрүнгөн баланы ала берген жокмун. Ага кылдаттык менен мамиле жасап, атайын жөндөмдүү балдарды тандап, алар менен иш жүргүзө баштадым. Ролду берип коюш эмес, ага артынан сала түшүп, ролго көндүрүп, алар менен иштөө керек. Эң биринчи биз Кыял Асаналиеванын “Закым кубалаган баладар” аттуу драмасын мектеп окуучуларына койдук. Андан кийин Түптөн 2-орунга ээ болдук”, — деп билдирди ал.
«Ак шоола» ийриминин мүчөсү Нуриза Сакбаевага ролду ойнош жеңил болгон эмес, канчалык толкунданып турса да жакшы аткарганга аракет кылганын айтат.
“Мен ата-энесинен эрте ажыраган, тагдырдын ысык-суугуна күйгөн кыздын ролун жараттым. Ал кыз кичи кезинде ата-энеси менен машинада кетип бара жатып жол кырсыгынан ата-энеси каза болгон. Өзүнүн буту баспай агасынын колунда жашап келет, байкеси жана эки көчө баласы менен канализацияда жашайт. Алар элден көп уруш жеп жашоосу абдан таттал болот”, — деп бөлүштү өзүнүн ойногон ролу туурасында Нуриза.

Драмага күбө болгон Алина Жапарова “Балдар ата-энесин кандай баалашы жана ата-эне балага кандай мамиле жасашы керегин көрсөтөт. Мындан арыда ушундай тарбиялык мааниси чоң драма күтөбүз” деп айтып өттү.
Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды