Ак-Талаа районунун аймагында өлкөнүн башка аймагы сыяктуу эле сасык тумоого чалдыккандар ондоп саналат. Буга байланыштуу райондогу Жерге-Тал, Конорчок, Жаңы-Тилек, Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарындагы “Тынчтык-3” бала бакчалары жабылды.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б. Чиркеев “Негизи оорунун пайызы 30ту көрсөтсө жабылат. Бирок аталган бала бакчаларда 45 пайызга чейин чыгып кетти. Бул жогорку көрсөткүч ошол себептүү санэпид менен биргеликте жаптык” деп билдирди.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн