Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын мектептер аралык «Тамашоу» болуп өттү. Сынакка айыл аймак боюнча беш мектептин окуучулары катышты.
«Тамашоу» кызыктуу жана таасирлүү болду. Кеңеш айыл аймагынан Нышанов, Арбын, Шанкол, Даары Суу жана Ак Чабуу мектептеринин окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жыйынтыгында Даары Суу мектебинин окуучулары жеңишке жетти.

Тамашоунун программасында:
Саламдашуу;
Эркин тема;
«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот»аттуу инсценировка;
Пародия түрүндөгү ыр;
Суроо-жооп болду.

Калыстар тобунун мүчөсү Нурбек Сариев сынакта катышуучулар жакшы оюн көрсөткөнүн айтты. «Балдардын шыгына өтө ыраазыбыз, ушул сынакта өзүбүзгө көптөгөн нерселерди алдык, дагы ушундай сынактар көп болуусун каалар элем», — деди ал.

Сынакта Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин курамасында катышкан Нурманбет Аруун уулу оюн калыс бааланды деген пикирин айтты. «Биздин атаандаштарыбыз сахнага чыгып жатканда, дегеле өзүбүз чыкканда да аябай толкундандык», — деди ал.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн