«11-декабрда Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан референдумга барасызбы? Конституцияга киргизилип аткан түзөтүүлөргө оюнуз кандай?» деген суроолор менен Баетов айылынын тургундарына кайрылып, оюн уктук.
Борбиева Бүмайрам:

— Ооба, кудайым буюрса барабыз. Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө туура эле көз караштамын. Анткени Атамбаев эл үчүн иштеп жатат, туура жолдо деп баратат. Менин оюм ушундай.
Намазбеков Кубат:

— Барабыз, барыш керек. Туура көз караштабыз. Мурункулар жеп-ичкендер турбайбы менин оюмча. Жакшы түзөтүүлөр болсо жакшы болмок, элибиз да оңолот эле.
Алымкулова Бейшегүл:

— Референдум барып ооба деп добуш берсем деп турам. Анткени Конституцияда өзгөртүүлөр болуш керек деп ойлойм. Мурунку элге пайдасыз закондорду өзгөртүүгө макулмун.
Турдакунова Тынымкан:

— Мен барам. Референдумду колдоп эле жатабыз, бирок менин жеке оюмда, ушул Референдумду өткөрүү үчүн да көп каражат кетет экен. Ошону депутаттар талкуудан өткөрүп, өздөрү эле чечим кабыл алса болмок.
Каленов Сатарбек:

— Ооба барам. Эми азыраак эле статьяларда өзгөртүү болуп жатат. Туура эле деп ойлойм. Мамлекетке туура эмес болгон статьялар өзгөрүп жатпайбы.
Чодолдоев Алтынбек:

— Ооба барам. Түзөтүүлөргө менин оюм түз, анткени буга чейин 7 жолу өзгөртүлгөн. Конституцияда бурмаланган көп нерселер бар болчу. Өзгөртүлүп жаткан беренелердин баарына макулмун. Себеп дегенде мен баары менен таанышып чыктым. Мурун Акаев, Бакиевдин убагында Конституцияны өздөрүнө ылайыктуу кылып өзгөртүп алышып, көптөгөн катачылыктарды кетиришкен. Азыр Конституция ошондой болуп катачылыктар кетпей, элибиз, мамлекетибиз алга карай өнүгүш керек деп ойлойм.
Маектешкен: Тажиева Аима
Редактору: Касымалиева А
Сынак үчүн