Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.
Курулуштун башчысы Сухрап Кангелдиевдин айтымында, каналды оңдоо үчүн 300 миң сом акча бөлүнгөн. Каналды 1-майга чейин оңдоп бүтүрүүгө аракет кылабыз дейт ал.
“Биз элге суу жеткизүү үчүн бул каналды оңдоп жатабыз. 5554 гектар жер бул канал менен Түп району суу ичет. Каналдын узундугу 41 километр. Чоң-Тогузбай айылынын четиндеги гана бузук канал оңдолот. Каналды оңдодо бизге өкмөт жардам берет”, — деп билдирди Кангелдиев.
Айылдын аксакалы Шейшен Сокеевдин буга чейин УОСко кайрылганбыз, бирок эч кандай натыйда жок деп айтып өттү.
“Кышында каналда такыр суу болбошу керек. Анткени ал тоңот анан цементин жарып түшөт. Мурун УОС каналды жасаганда жумушчулар жасаганды албай коюш керек болчу. Жыл сайын УОС оңдоп турат азыр да оңдоодо, бирок жыйынтыгын көрөбүз”, -дейт Сокеев.
УОСтун жумушчусу Мейманкул Сооронбаев максатыбыз каналды оңдоп Сары-Дөбө каналына суу жеткизүү деп айтып өттү.
“Биз каналды оңдоодобуз. Эл үчүн иштейбиз. Алардын эгиндерин, беделерин ар кандай өсүмдуктөрү сугарууга оңдоп жатабыз. Түшүүмдөрү мол болсун», — деп айтып өттү Сооронбаев.
Даярдаган: Салават Жангабылов
Сынак үчүн