Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.
Жаӊы техника айыл тургундарынын кызыгуусун артырууда.
Мопеддин жаратуучусу Сагындык бул техниканын бензинге үнөмдүү экенин айтат.
«Мопеддин пайдасы бар. Мисалы жеӊил болот жана бензинге үнөмдүү болот. Бул мопедди адамдарды кызыктыруу үчүн жасадым. Анткени адамдарга аябай пайдасы бар. Учурда айыл тургундары кызыгышып сат дегендер болуп жатат. Буйрутма бергендерге мопед жасап азыр ошол менен алектенүүдөмүн», — деп токтолду ал.
Мопедди жасоодо кыйынчылыктар болгон. Мисалы керектүү каражаттарды ар кимден сурап чогултуп жасаган.
Кошунасы Милиян Муратова Сагындыктын ойлоп тапкычтыгынан сырткары унаа оңдогон жөндөмү да бар дейт.
«Сагындыктын колунан көп иштер келет. Үйүндө балон жамай турган чарыгы бар жана Сагындык машина дагы оӊдойт. Биздин машынанын балону жарылып калса же болбосо балта-чотубузду оӊдоп берип аябай жардам берет колу иштүү», — деди Муратова.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн