Нарын районундагы Он-Арча айыл аймагына караган Оттук айылында сугат суунун жетишсиздигинен улам канал куруу демилгеси көтөрүлгөн. Учурда Оттук суусунан Кара-Секи каналына кошумча сугат суу үчүн 1.5 км узундукта канал чабылууда. …
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Марлис Олжотоев шайланып, 15-июнь 2021-жылдагы №468 токтомунун негизинде ишке кирген. Өнүккөн айылдардын катырын толуктоо үчүн айыл өкмөттүн жана жергиликтүү калктын салымы чоң. Алдыда айыл өкмөт …
1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.
2014-жылы катуу жааган жамгырдан кийин Токтогул көчөсүнүн жогорку жагыдан түшкөн селден 9 үйдү багы менен суу каптап, 1 үйдү сел бузуп кеткен. Ошондон кийин мэрия жана ӨКМ атайын комиссия …
Нарын районундагы Учкун айылынын жашоочулары таштанды эки жылдан бери тазаланбай, жашоолоруна коркунуч туудуруп жаткандыгын айтышат. Аталган айылдын башчысы Касмакун Мамырбаев жакынкы убакта тазалоо иштери жүрөөрүн айтат.