Нарын районундагы Он-Арча айыл аймагына караган Оттук айылында сугат суунун жетишсиздигинен улам канал куруу демилгеси көтөрүлгөн. Учурда Оттук суусунан Кара-Секи каналына кошумча сугат суу үчүн 1.5 км узундукта канал чабылууда. Куруу иштерине жергиликтүү бийликтин бюджетинен 110 миң сом, Райондук өнүктүрүү фондунан 65 миң сом, айыл элинин демөөрчүлүгү менен 200 миң сом акча каражаты чогулган.
Ал эми каналдын курулушунда иштеп жаткан айыл тургундарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ун, май берилет.
Наиля Жанарбек кызы, Кубаныч Азат уулу