Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында жайгашкан «Айдос» бала бакчасында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата «Кош бол,бакчам» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда балдар бакчада үйрөнгөн ырларын ырдап, бийлеп беришип, ата-энелерин кубантты.
Аталган бала бакчадагы эки тайпада 45 бөбөк бар. Булардын ичинен 16 бөбөк жаңы окуу жылында мектепке кирет.
Бала бакчанын музыка мугалими Сьезд Жакыпованын айтканына караганда балдардын майрамы менен бирге бала бакча менен коштошуу салтанаты бирге белгиленди.
Ал эми Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Карыбеков балдарды майрамы менен куттуктап, аларга кең келечек каалады. Ошондой эле балдарга балмуздак таратылды. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Эркинбек Темиров ар бир балага демөөрчүлүк кылып, канцелярдык буюмдарды белекке берди.
Зарина Бейшеналиева