Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Марлис Олжотоев шайланып, 15-июнь 2021-жылдагы №468 токтомунун негизинде ишке кирген. Өнүккөн айылдардын катырын толуктоо үчүн айыл өкмөттүн жана жергиликтүү калктын салымы чоң. Алдыда айыл өкмөт тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында баяндайбыз.

Ички унаа жолдорго суу түтүкчөлорү орнотулууда
Айыл өкмөт башчысынын эл менен болгон чогулуш учурунда айтылган көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында ички унаа жолдорго суу түтүктөрү орнотулду. Суу тутүктөрүн орнотуу айыл тургундары менен биргеликте уюштурулду.
Сары-Булуң каналынан суу чыгарылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, эртеси эле эл сугат суу менен камсыз болду.

Сары-Булуң каналына тазалоо иштери жүргүзүлдү
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн Табылгыты Кара-Суу айылдарында көчө комитеттеринин жардамы менен ар бир үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таштандылар чыгарылды. Мындан ары, Сары-Булуң айыл аймагында айына 2 жолудан таштанды чыгаруу жагы атайын буйрук менен түзүлгөн көчө комитеттеринин жардамы менен уюштурулуп жатат.

Аталган иш чараны айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана көчө комиттеттери уюштуруп, эл менен биргеликте бул иш чара Табылгыты айылында дагы улантылды.
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоевдун демилгеси менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери Табылгыты Кара- Суу айылынын жалпы эли менен биргеликте ишембиликке чыгып, көрүстөндөрдүн айланасы толук тосулуп бүткөрүлдү.

Көрүстөндөрдүн айланасы айыл аксакалдары, айыл имамдары, жалпы айыл тургундары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирдикте тосулууда
Борбордук көчөлөр кенейтиле баштады. Абдыманап Кыдыршаев көчөсүнүн Булуң жана Чалдовар аймактарында бак-даракдар архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирилип, жөө адамдар жүрүүчү жолдор кеңейтилди.

Сары-Булун аймагынын талааларында сугат сууларын бир нукка салып, айыл чарба жолдору ондолуп, 8 даана суу түтүкчөлөрү орнотулду.

Аталган иш-чарага атайын экскаватор техникасынын жардамы менен жергиликтүү жашоочулар тартылды.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Анара Мааметова