Нарын районундагы Учкун айылынын жашоочулары таштанды эки жылдан бери тазаланбай, жашоолоруна коркунуч туудуруп жаткандыгын айтышат. Аталган айылдын башчысы Касмакун Мамырбаев жакынкы убакта тазалоо иштери жүрөөрүн айтат.
[soundcloud id=’156381697′]
Мындан эки апта мурда айылды таштандыдан тазалоо жөнүндө жазган макалабызда айыл башчынын алдыдагы пландары тууралуу азыноолак маалымат берилген эле.
Бүбүайша Байтокоева Учкун айылындагы таштанды төгүлгөн жайга жакын жашайт. Ал эки жылдан бери үйүнө жакын турган таштандыларды тазалата албай келет.
“[…] Таштандыларды таза тазалашпайт, каналдын эки жагынын баары тең булганып жатат. Кээ бирлери түн ичинде төгүп кетишет. Айыл өкмөт жактан техникалары менен келип тазалап кетиши керек. […] Жалпы калк өздөрү таза болуп, анан тегерек- чети таза болсо, бул көйгөй чечилет го”, — дейт айыл тургуну Бүбүайша Байтокоева.
Айылдагы тазалык үчүн салык салына элек, бирок тазалык салыгы киргизилген учурда да, аны айыл өкмөт чогултпайт, деген пикирде Байтокоева.
Айылдын дагы бир тургуну Сайкал Абдразакованын айтымында, таштанды төгүлгөн жердин абалы абдан начар. Бизге терс таасирин тийгизбей койбойт, дейт ал.
Учкундун дагы бир жашоочусу Айзат Мирбекова таштанды төгүүчү жай алыс болгондуктан, үйүнөн алыс эмес жерге таштанды ыргытаарын айтат. Бирок ошол эле убакта мунун таштандыга жакын ойногон жаш балдардын ден-соолугуна коркунуч келтирээрин четке какпайт.
Учкун айылынын башчысы Касмакун Мамырбаев айылды таштандыдан тазалаш үчүн тургундардан акча чогултулганын, бирок ишканалар жыйналган каражатка айылды тазалап бербешин айтат.
“Чындыгында, бизде таштанды маселеси абдан курч болуп жатат. Себеби айылдагы ар бир түтүндөн жылына он сомдон чогултулат. Ошондо бир жылда беш миң сом чогулат экен. Эки жылдан берки акча которулуп бериле элек. Аны которуп бериш үчүн кандайдыр бир патенти бар, же документи бар организация которуп бериш керек. Андай организация 10 миң сомго иштеп бербейт”, — деди ал.
“Жамааттык башталышы” деген уюм бар, ошонун эсебине которуп берели дедик. Эми айыл өкмөтү ошону которуп берсе, жакын арада тазалоо иштерин жүргүзөбүз деп кошумчалады Учкун айылынын башчысы.
“Андан сырткары жайыт комитетинен айыл четиндеги малдын өлүктөрүн тазлоо үчүн дагы 20 миң сом сураганбыз. Ошону которуп беребиз деп жатат. Кечээ кат келди. Эгер ал келип калса 30 миң сом менен тазалоо иштерин баштайбыз. Тазалангандан кийин штрафтарды илип, көзөмөлдөп турабыз”, — деп алдыдагы пландары тууралуу айтты Мамырбаев.
“Алдыдагы пландар айына 1-2 жолудан жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. 10 сом бул эч нерсеге жетпейт. 100 же 200 сомдон чогултуш керек”, — дейт айыл башчысы Касмакун Мамырбаев.
Автор: Айдай Мүдүнова