Могол айыл өкмөтү ижарада турган имараты.
Могол айыл өкмөтүнүн имараты жоктугунан ижарада турушат. Биз бул тууралуу айыл тургундарынын оюн билүү үчүн аларга суроо узатып көрдүк. Элдин ою ар кандай болуп чыкты. Кээ бирине мунун эч кандай мааниси жок болсо, айрымдары элдин жардамы менен имарат салып алса дешет.
[soundcloud id=’156944064′]
Эми булар элден үмүт кылса, эл өзү зорго жашап жатат, бардыгы өзү менен өзү убара. Мисал үчүн элдер иштейли десе, өзүбүздүн Кыргызстанда мындай ишканалар жок жаштардын баары Орусияда. Айылда бардык жерде кары-картаңдар калган. Биздин оюбузча өкмөт тарабынан жардам берсе болот деп ойлойбуз. Булар дагы жакшынакай имаратта эмгектенип, эл дагы [аларды] сезип дегендей. Бирөнүн кичинекей имаратын ижарага алып иштесе, көп элдер азыр тоготпой да калган. Ушуну эми жогорку жактан өкмөт өзү деле чечип көрсө болот, деп ойлойм.
Менин айыл өкмөт менен эч кандай ишим жок.
Учурда ижарага канча акчалары кетип жатат. Ошонун ордуна кандайдыр бир долбоордун, же элдик ашар жолу мененби, айтор, өздөрүнө жакшынакай имарат салып алышса, бүткүл биздин өкмөт үчүн жакшы болмок.
Эки кабат кылып [имарат куруп алууга] өздөрүнүн бюджетинен жакшы иштесе жетет. Айлыка таркатып жибербесе, ысрап кылып иштетпесе.
Айыл өкмөттүн өз ыктыяры да. Бирок мамлекет тарабынан салынбаган айыл өкмөттөр бар. Мамлекет тарабынан өзүнчө бир ишкана ачып берсе жакшы болот эле. Эми булардын бирөөнүн имаратына ижара төлөп иш кылганы өздөрү үчүн минус.
Албетте айыл өкмөт ишканасына ижара төлөп иштегени чын. Айыл өкмөттүгүлөр айылга, элге жардам берет. Анан ошолордун ишканасын мамлекет карап берсе жакшы болот эле, деп ойлойм.
Автор: Абдышарип Миташов, Айсулуу Эркинбекова