Нарын районунун Учкун айылында жалгыз багбан айым бар. Ал 68 жаштагы Турдубүбү Акматова.
[soundcloud id=’156945922′]
Акматова 36 жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келген. Азыркы убакта аларды өстүрбөй калгандыгын айтат.
“Помидор, бадыраң, сабиз, редиска, капуста, картошка баардыгын өстүрчүмүн азыр аларды өстүрбөй калгам”.
“Азыр үч бакчамда алманын түрү бар. Башкы бакчада жалаң өзүмдүн көчөттөрүм. Ортоңку бакчада данектен өстүргөн, кыйыштырган, кыйыштырбаган көчөттөрүм. Ал эми короонун аягындагы бакчада көлдөн, Барскоондон, Тоңдон алган алмалар”.
“Огородумдун бары эле бак, ортодон бир жер калган. Ага жалаң гүлдөрдү айдап койгом — розаларды. Мага гүлдөр абдан жагат”.
“Багбанчылык менен 1978-жылдан бери алектенем. Андан бери жашылчалардын түрүн, карагат, алма, өрүк өстүрчүмүн. Өсүмдүктөрдү базардан сатып албайм. Бүт өзүмдүн өстүргөн жер-жемиштеримди жайы кышы колдонобуз, салат жазайбыз”.
“Мугалимдин айлыгы эч нерсеге жетпейт. Өстүргөн өсүмдүктөрүм менен балдарымды азыктандырып чоңойттум. Мен өстүргөн өсүмдүктөрүмдү сатпайм. Өзүбүз колдонобуз, как жасайм мүшөктөп, ашканын кичине сатыкка коюп коём. Азыркыга чейин компот жасап ичебиз. Алмаларды сактайм декабрга чейин”.
«Жакыр адамдарга жардам берем. Кошунам Кадырбектин Абдыбек деген баласы бар. Ага кийим-кечек, тамак-аш берип турам», — деп жыйынтыктады ал сөзүн.
Даярдагандар: Айдай Мүдүнова, Бүбүсина Нурбек кызы