Могол айыл аймагындагы бир катар бүтүрүлүп жаткан имараттардын абалы менен таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапарынын алкагында келди. Төрага менен бирге депутаттар Айбек Алтынбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов баштаган тиешелүү жетекчилер айыл өкмөттөгү иштер менен таанышышты.
Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылына курула турган №41 Жусубали уулу Жолдош атындагы мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев катышты.
Аталган мектептин имараты ашар жолу менен курулуп 1989-жылы ишке берилген. 90 орунга ылайыкталган мектепте азыр 120 окуучу билим алат. Эскилиги жетип, авариялык абалга келгендигине байланыштуу жаңы мектеп куруу пландалууда. Бул үчүн республикалык бюджеттен 139 млн сом каралып, 112 млн сомдук сунуш менен тендерден уткан компания курулуш ишин баштады.
«Муктаждыкты эске алып, кийинки окуу жылына чейин заманбап мектепти сапаттуу бүткөрүү талабын койгон Төрага жаңы мектеп куттуу билим уясына айлансын деген тилегин билдирди.»
Капсула салуу аземинин алкагында жергиликтүү тургундар менен да баарлашкан Нурланбек Шакиев өлкөдөгү жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, калктын сунуш-пикирин укту.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы Көк-Тоңду айылындагы №15 Жумалы атындагы орто мектебинин абалы менен таанышып, андагы иштеген мугалимдер жана айыл тургундары менен жолугушту. Соңунда мектептин алдындагы аянтчага арчанын көчөттөрүн отургузуу аземи өттү.
Төрага Нурланбек Шакиев Базар-Коргон районунда салынып жаткан оорукананын курулуш иштери менен таанышты
Алсак, коңшулаш айылдарда жашаган 30 миңдей калкты тейлеген оорукананын курулушу 2019-жылы башталган, учурда 80% жумушу бүткөрүлдү.
“Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, андагы иштеген ак халатчан адистерге керектүү шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Курулуп жаткан имарат өз убагында бүткөрүлүп, бардык заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалышы керектигин коштоп барган жетекчилерге табыштаган Жогорку Кеңештин Төрагасы бул маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирди.
Гулназ Камбарали кызы