2014-жылы катуу жааган жамгырдан кийин Токтогул көчөсүнүн жогорку жагыдан түшкөн селден 9 үйдү багы менен суу каптап, 1 үйдү сел бузуп кеткен.
Ошондон кийин мэрия жана ӨКМ атайын комиссия иликтеп чыгып, Өкмөт тарабынан бул үй-бүлөлөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин акча бөлүп берди. Бардыгына үй салуу үчун 6 сотыхтан жер берилди.
Сел аккан сайга атайын канал курулуп, сел ушул каналдан ага турган абалга келтирилген.
Жашоочулардын карым катнашын жакшыртүү үчүн Т.Марипов жана Токтогул көчөсүнүн туташкан жерине атайын көпүрө салынып 2015-жылы июнь айында пайдаланууга берилди.
Бул боюнча айыл тургун Садыкова Жамила: » Өкмөткө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, 50 миң ссуда, 6 сотых тамаркага жер бөлуп берди», деди.
Сүлүктү шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору А.Ибрагимов: » Сел үчүн атайын канал курулганы жакшы болду, оорукананын абалы коопсуз болуп калды»,-дейт.
Даярдаган: Мусуратилла Исканов.