Ак-Чал айылынын тургуну Нурбай уулу Мырсейт пластиктен эшик-терезелерди жасап киреше табат. Төрт жыл мурда Казакстанда бул иш менен алектенип келген. Кийинчирээк өзүнүн кичи мекенине келгенден кийин өзүнүн үйүндө чакан цех ачып,кайрадан ишин улантууда.
“Бул пластиктерди Түркия, Кытай, Өзбекстандан алып келебиз. Карапайым элдер көбүнчө Түркиянын материалынан жасалгандарын алышат. Бул жумушта иштеп калганым үчүн өкүнбөймүн, бул кесипти жакшы көрөм жана мен устачылыкта төрт жылдан бери иштеп келем”, — деп билдирди Мырсейт.
Жаңы үйүн пластик эшик-терезе менен камсыз кылган айыл тургуну Момунов Аваз төмөндөгүлөргө токтолду.
“Мен балама жаңы үй куруп бердим, пластик эшик-терезелерди орноттум. Пластиктер негизинен жакшы экен, суукту киргизбейт, бөлмөдөгү жылуулукту кармайт жана сырттагы болуп жаткан ызы-чуу угулбайт. Жыгач терезелерге караганда ыңгайлуу жана пайдалуу”, — деп бөлүштү айыл тургуну Момунов.
Эрмек уулу Кутман да өзүнүн үйүнө пластиктерди орнотту. Анын айтуусу боюнча пластиктер абдан пайдалуу. Бирок терс жактары да бар дейт ал.
“Мырсейт негизи сапаттуу пластиктерди жасайт. Пайдасы жакшы жылуулукту бир калыпта сактап турат. Ал эми зыяндуулугу боюнча бөлмөгө таза аба киргизбейт. Бирок акчасы жыгач эшик-терезелерге караганда кымбат, мисалы, бир үйдү пластик менен бүтүрүү үчүн болжол менен 180 000 сом акча сарпталса, жыгач терезе менен болсо 80 000сом акча каражаты кетет. Бизге базарга караганда арзан түшөт, себеби, өзүбүздүн жердешибиз”, — деп баяндады Кутман.
Айбашов орто мектебинин химия мугалими Жылдыз Сайпидинова пластик терезелер тууралуу мындай деди:
“Бул пластиктер химиялык жактан пайдасы да бар, зыяны да бар. Пайдасы, үйдү жылуу кармайт, сырттагы ызы-чуу үйдүн ичине угулбайт. Ал эми терс жагы болсо от жагылган үйлөргө болбойт, себеби өрт чыгып кетсе пластик күйгөндө андан химиялык газдар бөлүнүп чыгат. Бул адамдын ден-соолугуна абдан зыян. Пластиктерди евро үйлөргө колдонбош керек, анткени үйдүн ичине аба кирбей калат. Айылдагы топурактан жасалган үйлөргө орнотсо болот”, — деп түшүндүрдү Сайпидинова.
Азыркы учурда Мырсейт Нурбай уулунун пластик эшик-терезелерине айыл тургундарынан суроо-талап көп болууда.
Даярдаган: Марлен Жамалов
Сынак үчүн.