Кеңешмеде алдыга коюлган пландар айтылып, 2022-2023-окуу жылында алгылыктуу иштерди жараткан мектептер жана мугалимдер сыйланышты. Алардын катарында Т. Айбашев атындагы орто мектеби билим берүү мекемелеринин 2023-2024- окуу жылына карата сапаттуу даярдоо өнөктүгүндө «Жашыл мурас» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылып, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Т. Айбашев орто мектебинин дене тарбия мугалими Арстанов Ысак билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, педогогикалык ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери үчүн «Ардак грамота» менен сыйланды.
Жумагүл Көчкөнбаева