Кыргызда эркек балага мураскер катары мамиле жасалып, кандай мүлк болбосун эркек балага калтыруу салт катары кабылданып келген. Кыздар турмушка чыккандан кийин ошол үйдө күйөөсү менен бирге жашайт, ал эми уул бала ата конушунда түтүн булатып калат деген түшүнүк менен жашашкан. Тилекке каршы азыркы учурда мындай көрүнүштүн кесепети чоң жана залакалуу болуп келатат. Мындай пикирди “Коомчулукту өнүктүрүүгө билим” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Расулова билдирди. Анын айтымында, зордук-зомбулуктун күчөп жатканынын түпкү себеби — дал ушунда.
“Эмне үчүн бүгүнкү күндө кыздарга, аялдарга зордук-зомбулук күчөп келатат? Ошонун түпкү тамыры — үй-бүлөдөгү тарбия. Анткени кыздарга кичине кезден эле “сен кызсың, сен тамак жасаганды билишиң керек, сен эне болосуң” ж.б у.с. түшүнүктөрдү айтып тарбия берсе, уул балдарга сен үйдүн ээсисиң, ушул оокат-жайдын баары сеники, сен эркексиң да күчтүү болушуң керек деп насаат айтышат. Кыз үйдөн эле көз каранды болуп чоңое баштайт.
Ошентип коомдо айырмалоо, бөлүү башталат. Үй-бүлөдөгү мындай тарбия уул-кызга келечекте өз кесепетин тийгизбей койбойт. Анткени кыз турмушка чыккан жеринде күйөөсүнө тиешелүү мүлк ата-энесинде же туугандарынын наамында жазылуу болушу мүмкүн. Ал аял ошол үйдө зомбулукка учураса чыдап жашайт. Себеби, кетейин десе барчу жери жок. Ата-энесиникине деле бала-чакасы менен бир аз убакытка гана батышы мүмкүн. Андан кийин ал кызды ата-энеси же ал үйдө жашап жаткан иниси, агасы өзүңчө оокат кыл деп бөлүп коет. Ал эми күйөөсүнө туугандары кетсе кете берсин. Башка аял толтура дешет. Ошентип эски көз караштын кесепети менен үй-бүлө бузулат”, — дейт Гүлмира Расулова.
Ата-эне үй-бүлөдө уул-кызды жыныска бөлбөй тең укукта тарбиялоосу алардын келечеги үчүн маанилүү. Эгер кызга дагы мураскер катары мүлк берилсе, ал өзүн толук кандуу эркин, ишеничтүү алып жүрөт, көз каранды болбойт. Күйөөсү же жакындары тарабынан психологиялык, физикалык жана экономикалык зомбулукка туш болбойт.Нарын облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Бейшенбек Күреңкеев үй-бүлөдө кыз жана эркек баланын мүлккө болгон укуктары бирдей экенин айтат:
Адвокат Бейшенбек Күреңкеев
“КРнын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөдө экөө тең укуктуу. Эркек балага эркек болгону үчүн эч кандай артыкчылыктар берилген эмес, артыкчылык берген мыйзам дагы жок. Эгер ата-эненин көзү өтүп кетип, мураскер дайындабаган болсо анда, мүлк мыйзам боюнча мурас катары бирдей бөлүштүрүлөт. Үй-бүлөдөгү кыз мен өз мүлкүм, мага тиешелүүсүн алам десе анын укугу бар. Ал укуктан өз макулдугу жок ажыратылбайт. Жарандардын мүлккө, жер үлүшкө ж.б болгон укуктары КРдагы бир катар укуктук документтерде белгиленген”,-дейт Бейшенбек Күреңкеев.
Мындан сырткары Адам укуктарынын Жалпы Декларациясында дагы алардын бирдей укукта экендиктери жазылган. Кызга кадимкидей эле мүлк берүү, мураска калтыруу ошол үй-бүлөнүн дагы ички мыйзамдарына, түшүнүктөрүнө, көз карашына байланыштуу болушу мүмкүн. Э.Карасартов атындагы орто мектебинин директору Нелли Абылованын пикирине таянсак мүлктү бөлүштүрүү көп факторлордон көз каранды. “Ата-эненин каалоосуна, көз карашына, балдарына болгон мамилесине, балдарынын ата-энесине жасаган мамилесине жараша ж.б болот го деп ойлойм. Көп учурда кыз ата-энеден энчи, мүлк деле албайт. Ал колунда болсо тескерисинче берейин дейт. Албетте мүлктү тегиз бирдей бөлүп берген үй-бүлөлөр деле жок эмес” деди ал.
Заманга жараша адамдардын каалоосу, табити, талабы дагы өзгөрүп, өнүгүп турат. Адам баласынын өзүнө зыян алып келүүчү, кесепети оор көз караш, тарбия, адаттардан арылуу зарыл. Кызга дагы уул бала сыяктуу эле мүлккө ээ кылуу, энчи бөлүп берүү өңдүү маселелерге эң биринчи ата-энеси көңүл бурса, келечеги үчүн кам көргөн болот.
Барчын Мамытбекова