19-август сүрөт тартуу же фотография күнү. 1839-жылдын бул күнү жалпы коомчулукка сүрөттүн басып чыгаруу ыкмасы – дагерреотип, фотографиянын прототиби тартууланган. Бул ойлоп табуу Луи Жак Манде Дагерге таандык, анын мындай перспективдүү инновацияга патентин француз өкмөтү сатып алган жана ал өзүнүн ойлоп табуусун «дүйнөгө белек» деп жарыялаган.
Дагердин ойлоп табуусу фотографияга алгачкы кадам болгон. Алардын аркасы менен өткөнгө кайтууга болот, анткени сүрөттөрдү карап, көп нерселерди эстейбиз.Сүрөттө жашоонун ар кандай көз ирмемдери калат. Учурда айрымдар үчүн сүрөт тартуу жөн эле хобби эмес, кесип, ал тургай искусство.
Барчын Мамытбекова