Мыйзам кыз балага жана эркек балага бирдей мураскер болууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, ага карабастан калк арасында кыз келиндерге мүлк жаздыруу практикасы аз кездешет. Ата-эне тарабынан мураскер болуп бирок, ѳз мурасына ээлик кыла албаган кыздар дагы четтен саналат.
Коомдогу салт-санаа, ырымдардын арты менен илгертен бери калыптанып калган ишенимдер боюнча үй-бүлѳдѳ ата-энеден калган мурас эркек балдарга гана калтырылып келген. Ата-энеси тарабынан күтүүсүз чечилген мындай чечимдер үй-бүлѳдѳ бир туугандар арасында нааразычылыктарды жаратат. Барскоон айылынын тургуну Кайыркүл Иманкажоева алты баланын энеси. Ал мындан 23 жыл мурун турмушка чыгып, бала чагын ѳткѳргѳн уясынан чыгып кеткен. Ата-энесинин кѳзү ѳтүп кеткенден кийин ата-энесинен ѳзү ѳсүп чоңойгон үйү жана бир гектар жер үлүшү мураска калтырылган. Кайыркүл ѳз үй-бүлѳсү менен менен күн кечирип мураскер экенин деле эстен чыгарып койгон. Алтынчы баласын тѳрѳгѳн учурдан баштап мураскер болуу түйшүгү менен алектенип келет. Себеби баласына сүйүнчү акча алаар кезде жер үлүшү жок болуп чыккан. Кайыркүл Иманкожоеванын айтымында белгисиз себептерден улам ага таандык жер үлүшү бир тууган жеңесинин наамына катталып калганын билдирди.
«Мен ата-энемден калган үлүш жерди жана үйдү бир туугандарымдан талашкан деле эмесмин. Менин ѳз турмушум болгондуктан ал нерсеге маани бербей келгем. Менин азыр алты балам бар. «Эне Даңкы» орденим дагы бар. Алтынчы баламды тѳрѳгѳндѳ сүйүнчү акчасын алайын деп барган кезде менин үлүш жерим жок экенин билдим. Колумдагы баардык документти кѳтѳрүп чыгып териштирсек бир тууган агамдын аялына катталып калыптыр. Ал эми жеңемдин ѳзүнүн үлүш жерин каратсак анын жери тѳркүнүнѳн чыгып калды. Мен ага деле терикпейт элем, бирок пенсияга чыгаарыма аз калды. Ошол мени кѳп ойлондуруп келет».
Мыйзам чегинде мурас алуу же мураскер болуу жынысына карабастан мураска ээ боло алат. Бирок үй-бүлѳ ичинде мыйзамсыз кабыл алынган эрежелерден улам кыздар үчүн мураскер болуу укугу четке кагылып келүүдѳ.
«Үй-бүлѳдѳ уул жана кыз балдар арасында мурас кандай бѳлүштүрүлүшү керек?- деген суроого жооп издеп жергиликтүү тургундардан сурамжылоо жүргүздүк.
Жазгүл Исраилова: «Менин оюмча ата-эне тарабынан калтырылган мурас баардык балдарына тең бѳлүнүшү керек. Кыздар дагы мураскер болууга укугу бар».
Нурбек Жыргалбаев: «Атадан калган мурасты эркек балдар гана пайдаланышы керек. Себеби ал мураскер ата-энесин багат. Мындан тышкары кыз бала башка бирѳѳнүн бүлѳсү болуп кетет».
Назира Жамалдинова: «Негизинен кыздар деле мураскер боло алат. Ата-энеңдин кѳзү ѳтүп кетсе, алар жыйнаган оокат баардык балдарга бирдей берилиши керек. Бирок эмнегедир эле мураскерлердин 80 пайызы эркектер болуп чыга келет».
Талант Марат уулу: « Менин оюмча мураскер кыз балдарга да туура берилиши керек. Алар дагы бирѳѳнүн кызы. Кыз балага берилген мурас анын жашоо турмушуна, кийинки келечегине чон салымын кошот деп эсептейм. Ошондуктан кызга дагы мурас калтыруу абзел».
Кыргыздын менталитетине таандык болуп калган мурас бул күнгѳ чейин эркек балдарга гана берилет деп эсептелинип келген. Себеби ата-эне карыган кезде уул балдар гана багып келишет деген түшүнүк бар. Бирок, кыздар турмушунда кыйынчылыктарга кабылып калса ата-эне тарабынан берилген мурас бир топ жардам берээрин серепчилер да айтып келишет. Тилекке каршы мындай чечимдер чанда гана кездешет. Ата-эне тарабынан кыз-балага калтырылган мурас кыздардын келечегине экономикалык, социалдык маселелерди жакшыртууга жана эненин укугун коргогонго жакшы шарт болот , — дейт «Балдардын укугун короочулар лигасы» коомдук фондусунун мүдүрү Назгул Турдубекова.
«Эмне себептен кѳпчүлүк учурда мурас кыз балдарга эмес эркек балдарга калтырылып келет. Себеби, жашы улгайган адамдар «биз карыганда үйдө калчуу балдарыбыз багат. Ѳшондуктан мурастын баары балага калыш керек» -деп ойлошот. Бул үй-бүлѳ ичинде кѳнүмүшкѳ айланып калган эреже катары кѳрүшѳт. Ал эми кыз балага мурас калтыруу жѳнүндѳ эч кѳңүлдѳрүнѳ да алышпайт. Бирок, кыз бала мыйзам боюнча эркек баладай эле ата-энесинин мурасына ээ болуу укугуна ээ. Эгерде кыз бала турмушунан кыйынчылыктарга туш болгон учур же окууга ѳтүү, чакан ишкерлик кылууга максат кылса, ата-эне тарабынан калтырылган мурас чоң жардам кѳрсѳтѳ алат».
Гүлкайыр Осмоналиева