Балдарды келечегин куруу ата-эненин милдети. Ал эми кээ бир учурларда кыздардын үй-бүлөлүк мүлккө тиешелүү эмес кылып коюу, алардын кийинки жашоосуна сөзсүз таасирин тийгизет.
Нарын районунун тургуну Н.Б. учурда 48 жашта. Ал 45 жаш курактан тартып дыйкан чарба мүчөсү катары пенсия алууга тийиштүү документтерин өткөрө албай келет. Себеби, ата-энеси ага жер үлүшүн бөлүп берген эмес.
“Мага ата-энем жер үлүш бөлүп бербегендиктен мен азыркы тапта пенсияга чыга албай жатам. Себеби, менин ордума жеңем жазылып, жашыл китепке киргизилип калган. Ал кезде пенсия жөнүндө деле түшүнүгүбүз жок болуп, маани берген эмеспиз. Азыр 48 жашка келдим, алты балам бар. Мамлекеттик жумушта иштеп, тажрыйбам болсо пенсияга чыга бермек экенмин. Бирок, жумушсуз болгондуктан дыйкан чарба мүчөсү катары жер үлүшү менен гана чыгууга мүмкүн.”
Н.Б. жеңеси мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип, учурда эс алууга чыккан. Ал кайын сиңдисинин абалын көрүп, тийиштүү органдарга кайрылып, өзүнө таандык болгон жер үлүшүн ага которуп берген. Бирок мыйзамга ылайык, жер үлүшү которулгандан кийин он жылдан кийин гана тажрыйба (стаж) топтолуп, Н.Б. пенсияга чыга алат.
“Жеңем мага жер үлүшүн которуп бергенине эки жылдын жүзү болуп калды. Буюрса сегиз жылдан кийин мен пенсияга чыгам. Мындай мыйзам бар экенин билген эмеспиз, бирок мыйзамды билбегендигибиз бизди жоопкерчиликтен бошоткон жок. Биз жер мага которулса эле дароо пенсияга чыгам деп ойлогонбуз.”
«Мыйзам чегинде бийик тоолуу аймактарда пенсия курагы аялдар үчүн 45 жаш, эркектер үчүн 55 жаш куракты түзөт. Мунун ичине аялдардын үч баласы бар жана кичүү баласы сегиз жашка толуусу, 15 жыл бийик тоолуу аймакта иш тажрыйбасы бар болсо гана пенсияга чыга алат. Ал эми эркектер 55 жаштан жана 20 жыл бийик тоолуу аймакта иштеген болсо гана пенсия чектелет»,- дейт Нарын социалдык фонд башкармалыгынын пенсия чектөө бөлүмүнүн башкы адиси Гүлнара Шаршембиева.
“Бийик тоолуу аймакта эркектер 55 жаштан, 20 жыл иш тажрыйбасы бар болсо гана пенсияга чыга алат. Эгерде бир күн дагы жетпей калса анда чыкпай калат. Негизги иш тажрыйбасы 25 жылды түзөт. Аялдар болсо 45 жаштан, үч баласы бар, кичүү баласы сегиз жашка чыкса, 15 жыл бийик тоолуу аймакта иштесе гана чыга алат. Анын дагы бир эле күнү же жылы жетпей калса чыкпай калат. Ал эми бийик тоолуу аймактын дыйкан чарба мүчөлөрү деле жер үлүшү аркылуу ушул жаш куракта чыга алат. Эгерде адамдардын бийик тоолуу аймакта жер үлүшү бар болсо, бирок алар кандайдыр бир себептер менен башка аймакта (бийик тоолуу эмес) жашап, иштеп жүргөн болсо, ал бийик тоолуу аймакка кирбей калат. Ал эми анын жер үлүшү жалпы тажрыйбага (стажга) карап эсептелет”.
Нарын районуна караштуу Оттук айылында жашап жаткан 60 адамдан сурамжылоо жүргүзүлгөн, жыйынтыгында кыймылсыз мүлк көпчүлүк учурда ата-энеге тийиштүү экени байкалган. Экинчи кезекте эркектер басымдуулук кылат. Ал эми үч пайыз гана кыймылсыз мүлк келинге катталган. Алардын айтымында кыймылсыз мүлккө жолдошу каза болгондон кийин ээ болгонун айтышкан.
“Алгач биздин үй кайын атамага катталган эле, андан кийин кайын апама катталган. Апам каза болгондон кийин жолдошума өттү. Жолдошум кырсыктан көз жумду. Ал эми тиричилик кылышыбыз керек болот экен. Балдарыма паспорт алып берүүдө үйдү менин наамыма котордук, себеби, балдарымды каттого алуу үчүн үй ээси өзү дагы келиши шарт экен. Азыр учурда үйдү жана жер үлүшүн уулума жана кызыма мурас кылып тапшырып берейин деген ниетим бар. Кызымдын дагы кийин пенсияга чыгуу курагы келсе жер үлүшү бар деп мен дагы сарсанаа болбойм”, -дейт Айдай Султанова.
Кандай гана мүлк болбосун ата-эне аны балдарына бирдей бөлүп берүүсү керек, себеби, үй-бүлө мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Акылай Алмазбекова