Кочкор районунун Чолпон айылында 31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы белгиленди. Иш чара биринчи жолу айыл өкмөттүк деңгээлде болуп өттү. Ошондой эле иш чарага аймактагы бардык мекемелер катышышты.
Алтынбек Боогачиев
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жооптуу катчысы Алтынбек Боогачиев: «Бүгүн «31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына» карата Чолпон айыл аймагындагы мекемелер аралык иш чарасы болуп өттү. Ал иш чарада биздин аймактагы бүт мекемелер: мектеп, бала-бакча, ооруканалар катышышты. Бул жерде унутта калып бара жаткан буюмдар жана ошондой эле улуттук тамак-аштар жасалды. Бул биринчи жолу ушул айыл өкмөттүк деңгээлде болууда. Буга чейин райондук деңгээлде чогулуп барып районго өткөрчү элек. Быйыл болсо айыл өкмөттүн кеңсесинин алдында жакшы деңгээлде өттү десек болот. Ошону менен биргеликте эле «иш болгон жерде кемчилик болот» демекчи бир аз кемчиликтерибиз дагы болду окшойт. Бирок бул биринчиси болуп жаткандыктан кийинки ушундай иш чараларга дагы автивдүү катышат деген ишеничтебиз».
Иш чара эртең менен 9:00дө баш алды
Гимн менен башталды
Иш чарадан кызыктуу көз ирмемдер
Акылай Болотбекова, Кусейин Марат уулу