Кыргызстанда алимент төлөбөй качып жүргөн ата-энелердин саны барган сайын көбөйүүдө. Соттун чечимине карабастан алиментин тѳлѳбѳй, ѳз баласын өстүрүү милдетин аткарбай жүргөндөр бар. Ѳлкө боюнча ажырашуудан кийин соттун чечими кагаз бетинде гана калып, мүлктү бөлүү жана алимент төлөтүү иштери кыйынчылыкты жаратып жатканын укук коргоочулар айтып келишет.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө жылына он миңдин тегерегинде үй-бүлө эки ажырым жолго түшѳт. Ажырашкан үй-бүлѳлѳрдүн ичинен ар бир экинчи үй-бүлѳнүн мүлктү бѳлүү жана алимент тѳлѳѳ боюнча иштери сотто каралып келет.
Жубайлар ажырашкан учурда биринчи кезекте үй-бүлѳ ичиндеги тынчсыздануу бузулат Андан соң үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ коркунуч пайда болот. Себеби ортодогу балдарга, биз ата-энелерибизге керекпизби, бизге кимиси камкорчу боло алат, келечегибиз кандай болот, мен ѳз жашоомо ишенсем болобу деген терең маселелер пайда болот. Ошондон улам ата-эне ажырашуу чоң маселе жаратаарын эске алуу менен бирге балдардын психикасына залака тийгизип албоосуна чоң маани берүү керек.
Гүлкайыр Осмоналиева