Учурда үйдө олтуруп каражат табууга мүмкүнкүнчүлүк түзгөн, ар тармактуу онлайн кесиптер көбөйүүдө. Бүгүн анын ичинен бир нече кесиптер менен таанышабыз.
СММ-маркетолог курсу — бул өзүңүздүн жеке бренд товарларыңызды сатууда же атайын кызмат көрсөтүүдө пайдаланылат. Талас облусу боюнча 70% СММ адиси — бул үй жумуштары менен бул адистикти кошо алып келе жаткан айымдарды айтсак болот. Бул адистик соц. тармактарда иш алып барып иштегендиктен үй шартында эң ыңгайлуу жумуш катары эсептелинет.
Мобилография курсу — бул кесип азыр эң актуалдуу кесиптердин бири. Видео тартуу, монтаждоо — ушул нерселерди ичине камтыйт. Бул кесипти көбүнчө видео тартууга кызыгуусу бар адамдар бат эле өздөштүрүп кетишет.
Байер курсу — бул кесип ортомчу товар алып берүү кызматын аткарат. Мисалы: Кытай, Турция, Америка, Италия ж.б мамлекеттерден товар алып берүү кызматы. Бул кесип дагы үй шартында чакан бизнес ачкан адамдарга ыңгайлуу. Бул нерсени үйрөнүп эле койбостон, курс ачуу аркылуу башкаларга дагы үйрөтүп киреше тапса болот. Албетте, бул үчүн адам өзү кесипти мыкты билиши шарт.