Кошбулак айылында 2015-жылдын 2-октябрь күнү Деканова көчөсүндө «Нураман»балдар аянтчасынын ачылуу аземи болуп өттү. Аземге Сүлүктү шаарынын мэри А.А.Ибрагимов, коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин башчылары жана жергиликтүү тургундардын катышты.
Бул күндү балдар аябай сагынуу, толкундоо менен күтүшкөн. «Нураман»балдар аянтчасынын курулушу Кыргыз Республикасынын президентинин фонду тарабынан каржыланды жана ошондой эле балдардын келечегин ойлогон Жоопкерчилиги чектелген коомунун башчылары да өз салымдарын кошушту.
Ачылуу аземинде Сүлүктү шаарынын вице-мэри Б.Э.Ташев: «Бул жер кароосуз калган болчу, азыркы убакта балдардын кубанычы койнуна батпай алар менен бирге ушул аянтчаны курууга өз салымдарын кошкон ата-энелерге терең ыраазычылыгымды билдирип кетем. Балдар биздин келечегибиз болгондуктан балдар үчүн колубуздан келген аракеттерибизди аябашыбыз керек»,- деп айтып кетти.
Деканова көчөсүнүн төрайымы Шерова Кайрыл эже: «Нураман» аянтчасынын ачылышы балдар үчүн аябагандай чон жанылык болду. Балдарыбыз мурда ойной турган жер болбогондуктан кечке чаңда ойноп, бири-бири менен урушуп кеткенге чейин барышчу. КРнын президентине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына терең ыраазы болуп жатабыз», деди.
Даярдаган: Баархан Юсупова.