Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинде Жумабек Осмоновдун “Ызылдак” көрсөтүүсү болуп өттү. Аны Каракол шаарындагы драма театрынын актёрлору коюп беришти.
Ысык-Көл облустук Касмымаалы Жантөшев атындагы драма театрынын актёру Руслан Касымовдун билдиришинче, бул жомок “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата коюлууда.
“Жумабек Осмоновдун балдарга арнап жазган “Ызылдак” деген чыгармасы. Бул чыгарма коюлуп атканына үч жыл болду. Таалим тарбияга чакыруу максатында Түп районундагы мектептерди кыдырып коюп жатабыз. Мен бул жомокто ызылдактын ролун аткардым. Бул чыгарманын балдарга тарбиялык мааниси чоң деп ойлойм”, — деп билдирди Осмонов.
Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинин окуучусу Бакберген Ишеналиев өзүнө жомоктун тарбиялык жагын алганын айтат.
“Жомок мага абдан жакты. Каармандар мага чоң таасир калтырды. Каармандар мыкты ойнойт экен. Келечекте мен да мыкты актёр болуп, балдарга жакшы маанай тартуулагым келет”, — деди Бакберген.
Бакберген менен мектепте чогуу окуган Азиза Кеңешбек кызы болсо «мектепке ушундай көрсөтүүлөр көп келип турса жакшы болот эле» деп айтып өттү.
Даярдаган: Ая Кендирбайева, Нуриза Муратбек кызы.
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды