Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Нарын районундагы Куланак айылынын мугалимдери менен окуучуларынан сурап көрдүк.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин музыка мугалими Жумагүл Өмүрованын айтымында, учурда китепке кызыккан балдар чанда эле кездешет.
«Өзүмдүн балама да “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деген китептерди алып келгем. Кичине окуп, окубай калды. Баардык балдар интернетке кирет деп ишенем. Бир чети интернеттен керектүү материалдарды оңой таба аласың, кызыктуу нерселер көп. Бирок баарыбир мен китепке тартар элем», — деп билдирди Өмүрова.
Албетте, окуучулар интернетке гана кызыгып, интернетке гана тартат деп ойлогон элек. Бирок китепке, интернетке короткон убактысынан да көп убакыт короткон окуучулар бар экенин билдик.
“Мен интернетке кирем, китеп да окуйм. Интернеттен видеолорду көрөбүз бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз, сүрөттөрдү көрөбүз. Менин телефонум жок, ошондуктан китептерди көп окуйм”, — дейт 5б-классынын окуучусу Сайкал Эрнисбек кызы.
Мектептин китепканасынан китеп алып окулабы же такыр эле окулбайбы? Бул суроо дагы көп адамдарды кызыктыраар деген ойдо мектеп китепканасына көз чаптырдык.
“Мен бул мектепте сегиз жылдан бери иштеп келе жатам. Ошол учурдан бери баамдаганымда, китепке кызыккан балдар чанда гана кездешет. Көбүнчө 1-класстан 4-класска чейинки балдар китеп сурашат. Ал эми жогорку класстын балдарынын көпчүлүгүндө уюлдук телефон бар болгондуктан алар келишпейт, келсе дагы көп учурда аларга керектүү китептер жок болот. Алар кызыккан китептер көбүнчө Чыңгыз Айтматовдун китептери жана предметтик китептер”, — дейт мектептин китепканачысы Асылкүл Абдраимова.
Автор: Саадат Бейшенбек кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн