23-февраль мекенди коргоочулар күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарында согуштун ардагери Алмамат Шамшиевдин элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү.
Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейдин мугалими Күмүшай Акматованын айтымында, иш-чара “Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата уюштурулган.
«Жаштарды адептүүлүккө, маданияттуулукка жана ыйманга тарбиялоо, улууну урматтоого, кичүүнү сыйлоого үйрөтүү, патриоттуулукка, мекенди эли жерин сүйүүгө тарбиялоо максатында да өткөрдүк», — деп билдирди Акматова.
Шамшиев Алмамат атанын уулу Жусупбек Шамшиев жана кыздары, келиндери да аталган кечеге катышышты.
“Мен бүгүн абдан ыраазы болдум атамды эскерип, ушундай салтанаттуу кечени өткөрүп жатышат. Кесиптик лицейдин эмгек жамаатына, окуучуларга ыраазычылыгымды айтам. Азыр аябай толкунданып турам окуучулардын бийлери, аткарган аскердик оюндары мени көзүмө жаш алдырды”, — деди Жусупбек Шамшиев.
Дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнда кокусунан тынч жаткан Советтер союзуна кол салган. Элдин бейпил турмушу бузулуп, Кыргызстандын да айыл кыштактарында, шаарларында, жер-жерлерде митингдер өтүп жаткан.
Мекенди баскынчылардан коргоодо, миңдеген кыргыз элинин баатырларынын катарында, элдин бейпил турмушу, тынчтыгы, азыркы биздин жыргал жашообуз үчүн, өзүнүн керт башы эмес, элди ойлоп, биздин жердешибиз, кыргыз элинин сыймыгы болгон Улуу Ата-Мекендик согуштун батыры Шамшиев Алмамат атабыз да ошол кезде апаат согуштун алгачкы күнүнөн тартып, эң биринчилерден болуп согушка кеткен.
1940-1941-жылдары №18-Танкалык полкто сапер-разведчик болуп кызмат кылган, андан №5-Сапердук-инженердик батальондо сапер-разведчик милдетин уланткан.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сүрөттүн автору: Алижан уулу Дөөлөтбек
Сынак үчүн
ИХ