Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында чогулуш болуп, ага “Бюджеттик процесс” добоорунун максаты менен таанышууга айыл тургундары катышты.
Биз бул тууралуу Кара-Суу орто мектебинин мугалими жана бул долбоорду жазып ийгиликтүү ишке ашырган Марипа Каралаева менен маектештик.
— Бүгүнкү чогулушта Кара-Суу айылынын эли кары-жашы дебей мектепке келишти. Анткени Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашуучу “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун максаты менен таанышууга чогулушту. Каралаева ошондой эле айыл көйгөйлөрүнүн көп экенин айтып, төмөнкүлөрдү тизмектеп өттү.
1) Биздин Жылдыз көчөбүздө 20 түтүн бир жерден суу ичип, мал сугарат;
2) Айылдын четиндеги эки көпүрө бузулуп араң турат. Техникалардын айылга келип кетишине коркунуч туулуп турат;
3) Мектеп компьютерлери эскирип иштен чыкты. Окуучуларды окутууга заманбап технологиялык каражаттар абдан зарыл;
4) Малга жем салуу үчүн район борборуна баруу керек, дробилка жок;
5) Мектеп 1980-жылы салынган, ашкана 36 жылдын ичинде бир да жолу оңдолгон эмес, жабдыктар иштен чыккан;
6) Жаштар спорт менен алектенгиси келет, бизде спорт комплекс жок. Ортодо 100 миң сом акчалары бар, донор издеп жатышат;
7) Малдын жайытын оңдоого киришүү керек, келечек эртең эле бүгүн болот.
«Ар кимде өз жашоосуна жараша өз көйгөйү биринчи болуп эсептелинет. 2016-жылы ЮНИСЕФтин каржылоосу менен АРИСтин колдоосу аркылуу мектептин кол жуучу жайы, дараатканасы оңдолгон. Бирок ашкананын начар абалынан бекер тамак долбооруна кире албай жатабыз», — деп кошумчалады ал. Анын пикиринде, башкы көйгөй ашкананы оңдоо болуп саналат.
«Себеби балдар биздин келечек. Алардын таза жерде, жагымдуу тамактанышы айылыбыздын келечектеги акылдуу, ыймандуу мууну», — деди ал. Демөөрчү топ түзүлүп, өздүк салым чогула баштады.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн