“Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмеси Ак-Талаа районунун аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамдарын беришти.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Жакшылык Ильичбек уулунун айтымында, Баетов айылындагы 14, Теректе 3, Байгөнчөктө 2, Кайынды-Булактагы 3 жардамга муктаж 22 үй-бүлөгө жалпы наркы 50 миң сомдук азык-түлүк берилди.
Коомдук бирикменин мүчөлөрү даректүү жардамды үйлөрүнө жеткиришти. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр тууралуу тиешелүү мекемелерден алышкан. Ал эми жардам үчүн каражатты чет өлкөдө окуган студенттер беришкен.
Даярдаган: Г.Мамытбекова