Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде 14-февраль күнү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу жана кантип көп упай алса болот деген темада лекция өтүлдү. Лекцияны Лейлек районундагы 3-гимназиянын 11-классынын окуучусу Орозгүл Махмут кызы өттү.
Лекцияга Сумбула айыл аймагындагы Сары-Дөбө жана Манас атындагы орто мектептердин 11-классынын окуучулары катышышты. ЖРТдан канткеде жогорку жана мыкты балл алууга болот, ал үчүн кантип даярдануу керек деген суроолордун тегерегинде болду. Лекция бир жарым саатка созулду.
Орозгүл лекциянын жүрүшүндө ЖРТ тапшыруу күнү жакындап жаткандыгына байланыштуу бүтүрүүчүлөрдү убакытты туура пайдаланып, тестте бериле турган бөлүмдөр менен тааныштырганын айтты.
“ЖРТдан жогорку баллдарды алуу бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстанда же болбосо чет өлкөлөрдө бюджеттик орундарда окуусу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ал эми ЖРТ тапшырууга өтө аз убакыт калды. ЖРТга даярдануу үчүн кандай китептерди окуу керектигин айтып, ал китептерди окуучулар менен окуп, талкууладык. Бизде гимназияда ЖРТга аябай каттуу даярданышат. Жыйынтыгында 2016-жылы эң жоргорку балл 201ге жетип, эң төмөнкү чек 124 балл болгон. Мен көп жерлерде лекция өтүп жатам. Өткөн лекцияларым өз жемишин берүүдө. Сумбула айыл өкүмөтү да бизди чакырып лекция өтүп берүүбүздү суранды эле, мына бүгүн 3-4 сааттык жолду басып келип, өзүмдөгү бар маалыматтарым менен бөлүштүм. Бүтүрүучүлөргө аз да болсо ЖРТда жогорку баллдарды алышына жардам берет деген терең ишеничтемин”, — деп баяндады Орозгүл.
Лекциянын катышуучусу, Сары-Дөбө орто мектебинин 11-классынын окуучусу Гүлбарчын Умурзакова лекция ал үчүн чоң мотивация болгонун билдирди.
”Лекция мага аябай жакты. Лекцияны өзүбүз менен тең окуучу өтүп анын көптү билгендиги, анын сөздөрү мага чоң мотивация берди”, — деди Гүлбарчын.
Даярдаган: Асел Каарова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн