Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын №12 Курама уулу Турусбек мектебинин 10-классынын окуучусу Жоодар Асылбеков пульт менен иштеген оюнчук машина жасады. Атасынын жолун жолдогон жаш уста Жоодардын өнөрканасына баш багып келдик.
Жоодар бул машинаны бир жумада жасаганын айтат. Машинаны болсо ал үйдөгү болгон буюм жана жабдыктардан жасап алган.
«Мен бул машинаны үйдөгү жыгачтардан жана DVDнин тетиктеринен жасагам. Бул жерде DVDнин моторлору жана киргизип, чыгаруучу аппараттары, включателдери жана 3,7 вольттук телефондун батарейкасы бар. DVDнин шнурларын, кадимки эле сааттын батарейкасын жана микрофондун батарейкасын койгом. Бул машина пульт менен иштейт, пультун дагы өзүм жасагам жана машинага оюнчуктардын дөңгөлөктөрүн койгом. Техникага жана жыгачтан буюм жасоого кичинемден кызыгам. Бул машинаны мектепке алып барам, мектепте физика жана математика айы жарыяланган, ошого жасадым», — деп айтып берди Жоодар.
Жоодар андан тышкары жыгачтан үйдүн макетин да жасаган. Бул үйгө жарык киргизүү планы бар экенин кошумчалады Жоодар.
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн