Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады. “Арис” программасынын долбоору менен жылуулук системалары орнотулуп, мындан кийин кышкысын дагы иш алып баруу алдында турушат.
Бул долбоор 2016-жылдын 30-декабрында ишке ашырыла баштаган. “Кызгалдак” балдар бакчасына жылытуу системасы киргизилгенден тышкары, ысык суу жана канализациясы оңдолгон. Буга чейин жаздан күзгө чейин эле иштеген балдар бакчасы эми жыл бою балдарга эшиги ачык.
Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Жээналиев төмөнкүлөрдү билдирди.
— «Аристен» 1 миллион 64 миң сом, айыл өкмөтүнөн 185 миң сом акча каражаты сарпталды. Бала бакчанын айнектери эскилиги жетип калган болчу, жылытуу системасын жакшы сактоо максатында пластик айнектерге алмаштырылды. Ар бир группага балдарга ылайыктуу унитаздар, ысык суу, муздак суу жана ванна орнотулду. Жакын арада 10-15 күндө бала бакчанын ички оңдоо иштери аяктаса, бала бакча ишке киришкенге даяр болот.
№5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Борбиеванын айтымында, он жылдан ашык убакыттан бери үч эле мезгил иштеп келген бала бакчасы эми жыл бою ачык болмокчу.
«Балдар бакчасы 1978-жылдан баштап ишке берилген. 1993-жылдан баштап жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу жаздан күзгө чейин эле иштеп, кышкысын иш алып барчу эмес. “Аристин” долбоорунун негизинде балдар бакчабызга жылуулук системасы, канализация, ысык суу, муздак суу орнотулуп, ишке берилүү астында турат. Жылуулук системасын жакшы сакташы үчүн, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү акча бөлүп, жаңы пластик айнектер коюлду”, — деп билдирди Борбиева.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн