Талас облусунун Бакай-Ата айылынын айыл өкмөт башчылыгына эки адам талапкерлигин коюп, Нурлан Доублеков айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Айыл өкмөт башчысын шайлоо 13-февралда өттү. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Бообек Сапаралиев менен менен маек курдук.
Айыл өкмөттү кимдер шайлады?
— Айыл өкмөттү жергиликтүү Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Наматбек айылдарынын 21 депутаты шайлашты.
Шайлоо өтүп жатканда кимдер көзөмөлдөп турду жана ачык, таза өттүбү?
— Ооба, негизи шайлоо Бакай-Ата айылынын музыкалык мектебинде өттү. Бул шайлоого Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Наматбек айылдарынын тургундарынын көзөмөлүндө турду жана өздөрү катышты.
https://www.youtube.com/watch?v=uYsUh175g6s
Бакай-Ата айыл өкмөтүнө канча адам талапкерлигин койду?
— Бакай-Ата айыл өмөтүнө эки адам талапкерлигин койду: Нурлан Дооулбеков жана Улан Абдраилов. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көп дообушка ээ болуп Дооублеков Бакай-Ата айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
https://www.youtube.com/watch?v=fsyCg2Uv_ps
Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Наматбек айылдарынын тургундары жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы эл ишеничин актаган башчы болот деген ишеничи чоң.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Н.М.