Бүгүн ФАО тарабынан Ооган согушунун катышуучуларына “Ооматы келди айтылаар, ооганды көргөн баатырлар” аттуу концерт болуп өттү. Бул концертке Түп районунун Токтоян жана Чоң Тогузбай айылындагы ооган согушунун ардагерлери жана Карасаев айыл өкмөт башчысы конокко чакырылды.
Карасаев айыл аймагы боюнча ооган согушунун катышуучулары бешти түзөт. Учурда алардын экөөсү Токтоян айылынын тургундары.
Токтоян айылындагы биримдик жааматынын төрайымы жана Түп өз ара жардамдашуу топторунун ассоциациясы коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Болотова:
— Биздин бүгүнкү иш-чарабыз ооган согушунун катышуучуларына арналды. Биз эки жылдан бери ФАО долбоору боюнча иштеп келебиз. Учурда ФАО уюмунда 48 адам эмгектенет. Ошондой эле биз концертте ооган согушунун ардагерлерине грамоталарды жана чакан белектерибизди тапшырдык.
Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов бул концерт жеке эле ооган согушунун катышуучуларына арналбастан, айылды да ынтымакка, биримдикке чакыруу концерти болду деп белгиледи.
“Биримдик жааматы ооган согушуна катышып келгендерге арнап жана ушул ФАО уюмунда Токтоян айыл боюнча он эки жигиттерибизди келе жаткан 23-февраль майрамдары менен куттуктап бул концертти коюшту. Концертте жеке гана куттуктоолор болбостон, айылыбызды биримдикке, ынтымакка да чакыруу болду”, — деп билдирди айыл башчы.
Чоң Тогузбай айылынын тургуну жана ооган согушунун катышуучусу Эмилбек Сыдыков концерт уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
“Мен кызмат өтөөгө Кабул шаарына 1987-жылы кеткем. Кызматты эки жыл өтөп, өз элиме кайтып келдим. Учурда Чоң-Тогузбай айылында ооган согушунун катышуучулары экөөбүзбүз. Буга чейин да ушинтип бизди чакырып келишкен. Бүгүн да бизди унутпай, ушинтип атайын конок катары чакырып жатканына терең ыраазычылыгым билдирем”, — деди Сыдыков.
Токтоян айылындагы ооган согушунун катышуучусу Марат Молдоканов:
— Мен бир жарым жыл кызмат өтөгөм. Быйыл ооганчылар күнүнө 28 жылдын жүзү болду. Айылдагы ФАО уюму жетекчиси менен биргеликте бизди куттуктап, сыйлашты. Бул концертте согуш темасындагы сценкалар да коюлду жана мага абдан жакты.
Айыл өкмөт башчысы да өз куттуктоолорун айтып, концерттин уюштуруучулары ФАО уюмуна 2000 сом акчалай каражат тапшырды. Концерттин негизин ырлар, бийлер жана сценкалар түздү.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн