Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы Байымбет орто мектебинде ата-энелер менен бирге окуучулардын спорттук мелдеш өткөрулдү. Аталган иш-чара мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетованын демилгеси менен уюштурулган.
Мелдеш ата-эне менен баланын мамилесин бекемдөө, ден соолукту чыңдоо максатында класс жетекчилер, ата-энелер менен бирдикте өткөрүлгөн.
“Азыр көпчүлүгүбүз үй жумуштары же башка менен жүрүп балдарга көңүл бурбай калып жатабыз. Анан бул мелдеш ата-эне-бала мамилесин жакындатат”, — деди он баланын атасы Ыманбек Кенжесартов.
Мелдеш “Атам, апам жана Мен” деп аталып, чака чапмай, кап кийип чуркоо, аркан тартыш өңдүү мелдештерде күч сынашышты.
Жыйынтыгында жеңишке жетишкен ата-эне жана окуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды.
Даярдаган: Г.Мамытбекова