Ак-Талаа районундагы Конорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебинде 7-11-класстын жалпы окуучулары үчүн укук коргоо кызматкерлери, мугалимдердин катышуусунда жыйын болуп, анда учурдагы кооптуу жагдайды жаратып жаткан интернет оюндары тууралуу маалымат берилди.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Улан Кубатов окуучуларды интернет оюндарына азгырылбоого, аны максаттуу пайдаланууга, бош убактыларды спорт менен машыгууга, сабак окууга, ата-энеге жардам берүү менен өткөрүүгө чакырды.
Ошондой эле окуучулардын журүм-туруму, окуусу, тартиби тууралуу да айтып, ЖОИИ дайыма көзөмөлдөп турарын кошумчалады. Жыйындын журүшүндө окуучулардан зордук-зомбулук, пикир келишпестиктер тууралуу анкета алынды.
Даярдаган: Аида Аппасова