Түп районун Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов орто мектебине
жаңы үлгүдөгү компьютер жана принтер айыл өкмөт тарабынан тапшырылды.
Түп районундагы Карасаев айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыков мектепке берилген техникалык жабдуулар айылдык бюджеттин эсебинен берилгенин билдирди. Айтымында, 75 миң сомго айыл аймагы боюнча үч мектепке компьютер жабдыктары тапшырылган.
«Мындай иш чаралар дагы болот. Мисалы, менин агам Орозобек Кайыков өзүнүн демилгеси менен үч мектепке он компьютер, бир доска, он стол — бардыгы 30 компютер, 30 стол, үч доска, үч проектор берилет. Өсүп келе жаткан муундарга жакшы тарбия берүү үчүн Карасаев айыл окуругунун үч айылына берилет», — деп айтып өттү ал.
Кубанычбек Мамытов мектебинин деректору Эркинбек Садыров Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысына ыраазычылыгын айтты.
«Карасаев айыл округу тарабынан мектепке бир даана компютер белек катары берди. Бул компьютердик долбоор сыяктуу дагы долбоорлор боло берсин», — деди ал.
«Эски компьютерлердин көбү иштөчү эмес. Айыл өкмөт тарабынан жаңы үлгүдөгү компьютер келди. Эми жакшы колдонуп, көп нерсени үйрөнөбүз деп ойлойм», — деген оюн айтты мектеп окуучусу.
Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды