Лейлек районунун Исфана шаарындагы Гагарин орто мектебинде райондук деңгээлде “Өнөктөштүк ийгиликтин ачкычы” деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул жыйында Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган спектакль коюлду.
Лейлек районундагы Сабыров орто мектебинин мугалими Атакул Жакыпов өз сөзүндө бул спектакль «ойготуучу жана ойлонтуучу» таасирге ээ болгонун айтты.
“Бул спектакльда балдар актуалдуу көйгөйдү чагылдырып бере алды. Биз ИДН кызматкерлери менен бирге кылмыш болгондон кийин иликтебей, кылмыштуулуктун алдын алуубуз керек. Балдар өтө жакшы даярданыптыр. Бул спектакль менен балдар бизди ойготту жана ойлонтту”, — деп билдирди Жакыпов.
Спектакльдын жүрүшү боюунча театрдын координатору Салия Джораева төмөнкүлөргө токтолду.
“Бул спектаклде күйөөсү өлгөн келинди кайненеси “кара жолтойсуң” деп үйдөн кууп чыгат. Бара турган жери жок келин наристе кызын көтөрүп, кошуна айылдагы ичкич Камбардын үйүндө баш калкалап үйүндөгү жумушун жасап, күн көрөт. Аял Камбарга кошулуп ичкич болуп кетет. Кыз 8-класс болгондо апасын алып үйдөн чыгып кетмек болот. Бирок, Камбар силер менден карызсыңар деп, кызды кордойт. Кыз үйдөн качып чыгып, иштеп, акча таап апамды алып кетем деп, иш издеп кетет. “8-класс кыздын тагдыры эмне болот?” деген темада соцпедагоктор, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарлары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ИДН дин кызмаикерлери талкуулашты”, — деп айтып берди Джораева.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн