Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сейдали Өмүрзаков мал-чарбачылыгы менен алектенет. Бул иш менен алектенгенине бир жылдын жүзү болду.
Чарбакер малдын асыл сапаттарын жакшы билет. Азыркы убакта мал чарбасы менен алекетен баштаган учуру. Сейдали Өмүрзаков 2-3 жашка чейинки өгүздөрдү сатып алып, эки ай ичи багат. Анан өгүздү союп өзүнүн эт саткан дүкөнүндө элди эт менен камсыз кылат.

Алган өгүздөрү арык болсо көбүрөөк, ал эми семиз болсо азырак багаарын айтат. Эки жашар өгүздөн орто эсеп менен 200 килограмм эт чыгат. Эттин баасын 260 сомдон сатат. Бир өгүз күнүнө эки маал үч килограммдан жем жейт. Эттин сапаты жакшы, айыл тургундарынан азырынча арыздар жок.


Чарбакер Өмүрзаков «Мен малдарды сапатына жараша алып, аны кеми менен 2 ай багып, анан союп өзүмдүн эт саткан дүкөнүмдө сатам. Мен күн бою иште болгондуктан малдарды балдарым карайт» деп айтты.


Куу-Майдан айылынын тургуну Керемет Султанова «бул эттерге эч кандай нааразачылыгыбыз жок, себеби малдарды аябай сонун кылып тартып берет жана жаш малдардын этин берет» деп билдирди.
Даярдаган: Курсантбек уулу Азирет
Редактор: Курсантбек уулу Хусейн
Сынак үчүн