Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.

Чоң-Тогузбай айылынын медайымы Дамира Алдаярова таштандылардан оорулар пайда болорун, өзгөчө жаш балдар таштанды менен ойношкондуктан ичеги-карын оорулары көп болуп жатканын айтып өттү.
“Элдер таштандыларды көчөгө ыргытышат. Андан сасык, адамдардын ден-соолугуна пайдасыз нерселер бөлүүнүп чыгат. Өлүп калган үй жаныбарларын суу жээгине ыргытышууда. Мен айыл башчыларга кайрылат элем айыл четинен атайын жер бөлүп берсе жакшы болмок”, — деп билдирди Алдаярова.
Чоң-Тогузбай айылынын айыл башчысы Урмат Жортучиевдин айтымында, таштанды төкчү жер бөлүнгөн. Учурда элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышкандыгын билдирди.
“Элдер айтылган жерге таштандыларды ташташпас. 500 сом айып пул салып жана ошол таштандыларды тазалатабыз”, — дейт Жортучиев.
Айыл тургуну Илимбек Жакыпбековдун айтусунда элдердин таштандыларды ар кайсы жерлерге ыргытышканы туура эмес.
“Мен жайында сууга түшүп жатканда бир баланын бутуна айнек кирип кеткен. Дайыма суудан таштандылар агып келет. Баардык айыл тургундарына таштандыларды ар кайсы жерге таштобоосун суранат элем”, — деп билдирди Жакыпбеков.
Даярдаган: Салават Жангабылов
Сынак үчүн