Сокулук районундагы Кара-Сакал айылынын тургуну Маршалбек Ташматов дары чөптөр менен оорулууларды айыктырат. Ал табыптык менен 25 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келет.
Маршалбек Ташматов учурда 48 жашта. Элдик табыптык жумушунда тамыр кармап, дары чөптөртү колдонуу менен оорулууларды карайт.
Ташматов 22 жашынан баштап дарылап келе жатканын айтат. Ага бул кесип ата-бабалардан калган. Табыпка көбүнчө боор, бөйрөк оорулары менен, тизеси ооруп, шишип кеткендер, негизинен ички органдары оругандар кайрылышат.
«Мага көбүнчө кырк жаштан ашып калгандар келет. Баш ооруга, уйку келбегенге чай чөп, хмел чөптөрдү демдеп ичүүнү сунуштайм», — дейт Ташматов.
Табып Ташматовго нааразычылык айтып келгендер да болот. Бул жөнүндө табып оорулуулар дары чөптөрдү туура эмес колдонуп койгондорун айтат.
Кызыл-Туу айылынын тургуну Бурул Малекенова үй-бүлөсү менен Ташматовго барып дарыланган. Табып берген чөптөрдү кайнатып ичип, оорубай калганын белгиледи.
«Негизинен дарыканадан дары албай табигый дары чөптөр менен дарыланса пайдасын берет. Кеңешим дары чөптөр менен дарылангыла», — дейт Малекенова.
Кыргызстандын тоолуу айылдарындагы дары чөптөрдүн үстүнөн 20 жылдан ашуун убакыттан бери иш жүргүзүп келе жаткан Жанар Алгожоева өлкөдө мындай чөптөрдүн 3000ге жакын түрү өсөөрүн айтат.
«Элдик медицинага 700 түрү колдонулса, анын ичинен расмий түрдө 200гө жакын түрлөрү бар, ал эми 500 түрү эндемикалык», — деп билдирди Алгожоева.
Даярдагандар: Нуриза Кубатбек кызы, Сымбат Осмонова