Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата тасма коюлду.
Ак суу районунун мамлекеттик кино директору Талантбек Исмайиловдун айтымында, бул тасма окуучуларга сабак катары көргөзүлдү.

«Үркүн тасмасы тарыхый тасма, Үркүндүн 100 жылдыгына тартылган. Ошол каргашалуу окуяда шейит кеткен ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арналган тасма. Азыркы убакта Ысык-Көл районунун жерлерине көргөзүлүүдө. Бул тасманы көлдүн жигити Медин Ускеев деген жигит тарткан. Бул тасма Жети-Өгүздүн Көк жайыгында, Кырчын жайлоосунда, Жууку капчыгайында жана Баткен жергесинде тартылган. Бул тасма окуучулардын патриоттук сезимине жана мекенди сүйүп, ата-бабалардын басып өткөн жолдоруна кичине болсо дагы көз караштарын өзгөртүүгө тартылган тасма», — деп айтып берди Исмайилова.

Аталган мектептин окуучусу Мыскал Арунова тасма чоң таасир бергенин айтып өттү.
«Бул Үркүн тасмасы мага абдан чоң таасир калтырды. Бул тасма биздин ата-бабалардын басып өткөн жолун чагылдырган тарыхый тасма экен. Мен бул кинодон өзүмө керектүү көп тажрыйба топтой алдым. Тасма эң мыкты деңгелде тартылыптыр. Мага бул тасма жакты», — деп ой бөлүштү Мыскал.

Мектептин дагы бир окуучусу Айсалкын Жумашова кыргыз эли улуу эл экенине чын жүрөктөн ишендим дейт.
«Бул кинод ата-бабалардын көргөн кордугун чагылдырган тасма экен. Тасма ойлоп табылгын эмес, бул болгон окуя. Биздин мектепке көп эле тасма келген, бирок бул тасма мага өзгөчө жакты», — деди ал.
Даярдаган: Нуриза Муратбек кызы
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды