Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тугуну кийзиден ар кандай буюмдарды жасайт. Долбоор менен аялдарды окутуп, акысына азык-түлүк жана акча төлөп берет. Учурда Германиядан буйрутма келип, аны менен алек.
Айыл тургуну Элизат Самсалиева беш жылдан бери кийизден ар кандай улуттук буюмдарды жасайт. Ат-Башыдагы «Кыргыз корпоративи» деген жерден шырдак жасоо боюнча окуп келип, азыр алар менен биргеликте иш алып барат.
Учкун айылында чакан жүн иштетүүчү цех ачып, айылдагы бир канча аялды жумуш менен камсыздаган.

«Мен жаш кезимде эле чоң апамдан үйрөнгөм. Айылдагы шырдак жана башкаларды жасоого кызыккан, шыгы бар келиндерди атайын долбоор менен иштетем. Аларды он күн атайын окутканбыз. Иштеген акысына ун, май жана шырдак жасаганына жараша акча төлөнүп берилет. Бирок алар акчаларына нааразы. Себеби кээде жасаган нерселерибиз өтпөй калып, акчалар кеч берилет», — деп токтолду Самсалиева.

Самсалиева ар кандай фестивалдарга катышып, ондон ашуун сертификат, дипломдордун ээси.
«Мен Ат-Башыда өткөн «Кыргыз шырдагына», «Оймо фстивалына» катышкам. Андан кийин «Көчмөндөр оюнуна атайын баарыбыз биригип, чоң боз үй жасаганбыз, ал үчүн гран при утуп алдык», — деди ал.

Айылдык уздан жакында эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самаков Карганбек кийизден жасалган өтпөй калган жана жаңы жасалгаларынын баарын алып кеткен. Себеби ал нерселерди чет жактан келген туристтерге сатат дейт ал.
Учурда ал Учкун айылынын тургундарына жөрмөм, шырыктарды берип, акысына акча төлөп берүүдө.
Азыр заказдар көп болуп, Германия менен кызматташып алардан шырдак ар кандай буюмдарды жасоо сунушу келген.

«25-декабрда Бишкекке барып, жасаган нерселерибизди Германияга жөнөтөбүз. Биздин Бишкекте атайын дүкөнүбуз бар, ошолор аркылуу товарлар Германияга кетет», — деди ал.
Келечекте учкундук уз бул ишин дагы кеңейтип, алыскы өлкөлөргө шырдактарын көргөзгүсү келет.
Даярдаган: Анжелика Касымакун кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн