Түп районуна караштуу Чоң Тогузбай айылынын мал доктуру Марсбек Токтосунов өз кесибин 15 жылдан бери аркалап келет. Ага мамлекет акча төлөбөсө да колунан келген аракети менен айылга салымын кошууда.
Айылдын ветеринары Марсбек Токтосунов жогорку билимди да ушул багытта алган. Бирок ал өз кесибинин чеберимин деп эсептебейт.

«Себеби мал ооруган жерин айтпайт, ошондуктан баарын эле биле албайм, кээде кемчиликтер болот. Бирок ошого карабастан колдон келгенин даарылап, айыктырып келем», — деди ал.

Айтымында, айылда алдын ала профилактикалык жол менен эмдөө жаз жана күз айларында жүргүзүлүп турат. Ал өз убагында вакцинация жасап турууга аракет кылат.

«Элдерге, бала-бакырага жукпасын деп, башкача айтканда, элдин да саламаттыгына кам көрөм. Төрт жыл окуган эмгегимди өз кесибим боюнча актайын деп жүрөм. Мен өз кесибимди сүйөм», – деп билдирди Токтосунов.
Ветеринардын жубайы Эркингүл Серенова жолдошуна дайма жардам берип, колдоп жүрөрүн айтып өттү.

«Мисалы көчө кыдырып малга вакцинация кылсак чогуу барып жардамдашам. Кан алсак, малдарга даары таратсак чогуу жүрүп иштешем. Жазам, отчёт беришем, чогуу жүрөбүз дайыма. Мамлекет эч нерсе төлөбөйт, элден чогулган акча менен эле күнүмдүк турмушубузду көрүп келебиз. Жолдошум экөөбүз 31 жылдан бери түтүн булатып келебиз. Алты баланын ата-энеси болуп, аларды окутуп, өстүрүп, чоңойтуп, үйлөнтүп жайланттык. Неберелерибиз бар. Жолдошум экөөбүз алардын жыргалын көрүп жүрөбүз», — деп токтолду ветеринардын жубайы Серенова.
Чоң Тогузбай айылынын тургуну Мирлан Мамытов ветеринар дайма өз ишин убагында аткарарын билдирди.

«Мурунку мал доктурлар убагында малды карабай коюшкан, ошонун натыйжасында көп малдар шарптан өлүп калган. Элдин демилгеси менен Марсбек абаны шайлап алганбыз. Биздин ишеничибизди актап, убагында алты ай сайын кан алынып жатат, вакциналар куюлуп жатат, бруцеллёз деген оорудан арылдык. Азыркы убакта Марсбек аба тендер утуп алды. Ал тендерге штакетник жасатты, чоңдугу бир короо кой батчудай. Эми жайлоого чейин барып малды дарыласа болот. Бул да айыл үчүн чоң салым», — деп айтты айыл тургуну Мамытов.
Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды