Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Эрмек Бабакулов эки жылдан бери короз багып келет. Анын корозу 12-ноябрда өткөн короз урушта район чемпиону болду.
Бул тууралуу Эрмек Бабакуловдун иниси Мусулманкул Бабакулов бизге билдирди. Айтымында, корозду атайын Тажикстандан алдырган.

“Бул корозду 2014-жылы байкем Тажикстандан атайын 3500 сомго алдырган. Бою 75 сантиметр, 3 жашта. 2016-жылдын 12-ноябрында Исфана шаарында өткөн короз урушта биздин короз «Лейлек чемпиону» аталып, баш байгени утуп алганбыз”, — деп айтып берди Мусулманкул.

Учурда алар сууга бышкан эт жана жумуртка менен багышат. Андан тышкары корозду күнүнө машыктырып турушат.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн