2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Талаа районунун аймагында 15 өрт кырсыгы катталган. Ал эми былтыр болсо жыл ичинде он өрт кырсыгы болгон.

Ак-Талаа райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн (ӨКМКБ) башчысынын орун басары Кылыч Жакшылык уулу менен бул туурасында маек курдук.
— Мурунку жылга караганда 66,7 пайызга көбүрөк болду. Жалпы 234842 сомдук материалдык чыгым алып келди. Катталган өрт кырсыктарынын келип чыгышынын себеби адамдардын эрежелерди сактабагандыгынан болуп жатат. Өрттү алдын алуу боюнча 43 мекемеде 233 адамдан турган ыктыярдуу өрткө каршы кошуундар уюштурулду. Ал эми 14 орто мектепте 165 окучуудан турган ыктыярдуу топ түзүлгөн. Өрт кырсыктары жана аларды алдын алуу, эрежелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтар жарыяланды. Учурда күжүрмөн даярдык боюнча атайын өрт өчүрүүчү эки авто унаа бар. Күйүүчү майлар менен толук камсыздалган, күжүрмөн даярдыкта турат.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн