Узап бараткан жылда “Айыл банк” акционердик коомунун Ак-Талаа регионалдык бөлүмү жалпы 700гө жакын кардарды тейлеп, 40 млн сом акча каражатын насыя катары берген. Бул боюнча бөлүмдүн менеджери А. Кулов менен маек курдук.
— Айыл чарбасына, анын ичинен мал чарбачылыгына, талаачылыкка, лизинг, керектөөчүлүк “Кумтөр чакан” деген да багыт бар. Ошондой эле өкмөттүк женилдетилген насыялардан 40тай жаранга 20 млнго жакын насыя берилди. Өзүңөр билгендей, элибиз талаачылык менен алектенет, биз берип жаткан насыялардын 60-70 пайызы ушул багытка жумшалат.
Жаңы жылдык каалоо-тилектериңизди билдире кетсениз?
— Эски жыл жаман жылдардан болгон жок. Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Келе турган жыл жемиштүү жылдардан болсо деп тилейм. Элибизде токчулук, молчулук болсун.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн