Жаңы жыл күнү, тагыраагы 31-декабрда эртеден түнкү саат 23.00гө чейин телефон аркылуу аяз атаны Аяз кызы менен чакырып, балдарды кубантсаңыз болот.

Аяз ата Б.Карасартов: Бул Жаңы жылда бөбөктөрдү кубантуунун эң жакшы жолу. Алар абдан ишенишет жана күтүшөт. Баарыбыз эле балдардын ошондой бактылуу учурларын көргүбүз келет. Жакынкы жылдардан бери ушул ишти жасап келатабыз. Белекти келүүбуздү сураган ата-энелер өздөрү жасашат. Биз жөн гана барып, белекти берип коебуз. Кызматыбыз 200 сом турат.
Эгерде сиз аяз атанын үйүңүзгө келүүсүн кааласаңыз, жарым саат мурда чалып, билдирме бере аласыз. Андан соң аяз ата сиздин үйдө болот.
Даярдаган: Г.Мамытбекова